Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 20-апрели № 18-2

Лебединовка айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жарнама жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн 2023 –жылдын 5-апрелиндеги № 96-б буюрмасына ылайык, Лебединовка айылдык кеӊешинин 17-кезексиз сессисы

 

ТОКТОМ кылат:

 

 

1. Лебединовка айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у.А жүктөлсүн.

 

Лебединовка айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К.Умурбаев