Редакцияот 20.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 20-апрели № 18-1

Биримдик кут жаӊы конушун

Лебединовка айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункту, 1,7-подпункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги протоколдук чечиминин, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 02-2/ 10630, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 01-21-462 тастыктоочу каттарынын, Биримдик кут конушунун жашоочуларынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № Кл-245 арызынын негизинде, Биримдик Кут конушунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелерин чечүү жана жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Лебединовка айылдык аймагынын 17-кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

 

1. Биримдик Кут жаӊы конушу, конуштун аймагындагы болгон бардык социалдык инфраструктуралык объектилери, жеке жана мамлекеттик менчикте турган жерлерди кошпогондо, турак жай аймагынын чегинде жайгашкан жерлери менен Лебединовка айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2. Жеке менчик жер участогун пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык жер салыгын, жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган учурдан тартып төлөө зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери Биримдик Кут конушунун жашоочулары арасында жүргүзүлсүн.

3. Лебединовка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген маселелерге ылайык «Биримдик Кут» конушунун социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жыл сайын бюджетте каражат каралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. жүктөлсүн.

 

Лебединовка айылдык

кеӊештин төрагасы

 

К.К.Умурбаев