Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-апрели № 17-2
Лебединовка айылдык аймагында катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу
боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө
Лебединовка айылдык аймагынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, "Лебединовка Комтранс” муниципалдык ишканасынын зыянсыз, пайдалуу жана ишенимдүү иш-аракеттерин камсыздоо, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Лебединовка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-апрелинен тартып катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга карата төмөнкү тарифтер бекитилсин:
- калк үчүн айына бир адамдан 45 сом өлчөмүндө;
- Лебединовка айылдык аймагынын пенсионерлери үчүн айына бир адамдан 25 сом өлчөмүндө;
- менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб.м үчүн 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
3. Лебединовка айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-январындагы № 14 "Лебединовка айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык тейлөө чарбасынын катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу кызматынын тарифин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. жана “Лебдиновка комтранс” муниципалдык ишканасынын дирекетору У.М.Кадыркуловго жүктөлсүн.
Лебединовка айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.К.Умурбаев |