Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-декабры № 16-14
Лебединовка айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, Лебединовка айылдык кеӊеши
ТОКТОМ кылат:
1. Лебединовка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын Регламенти тиркемеге ылайык, мамлекеттик тилде бекитилсин.
2. Лебединовка айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын 2021-жылдын 18-майындагы № I-I «Лебединовка айылдык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтому күчүн жоготсун.
3. Бул токтом юстиция органдарынан катоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | К.К.Умурбаев |