Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 1
Мурунку Оро айыл өкмөтүнүн бюджетинде бала бакча курууга каралган акча каражатты жылдыруу жөнүндө
Мурунку Оро айыл өкмөтүнүн бюджетинде бала бакча курууга каралган 6 222 393 сом акча каражаттан Кыргызстан айылындагы мурунку эски мектептин имаратын бала бакчага ылайыктап оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 3 571 550 сомду, бала бакчанын имаратынын жумушчу долбоорун иштеп чыгууга 300 000 сомду, бала бакчанын ички жасалгасына, эмерек мебельдерине жана оюн аянтчасына 2 050 843 сомду жана ошондой эле мындан тышкары Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектепке 300 000 сомго видеокөзөмөлдөөчү 30 даана камераларды жана 32 каналдуу видеорегистратор телевизору менен жана ифодокстун роутери микротип ХАБ алууга акча каражатты жылдыруу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурунку Оро айыл өкмөтүнүн бюджетинде бала бакча курууга каралган 6 222 393 сом акча каражаты Кыргызстан айылындагы эски мектептин имаратын бала бакча кылуу үчүн жана мындан тышкары Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектепке видеокөзөмөлдөөчү камераларды алуу үчүн төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн:
Бала бакча бөлүмүнүн 3111 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине эски мектептин имаратын бала бакчага ылайыктап оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 3 571 550 (үч миллион беш жүз жетимиш бир миң беш жүз элүү) сом акча каражаты жылдырылсын.
Бала бакча бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине бала бакчанын имаратынын жумушчу долбоорун иштеп чыгууга 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
Бала бакча бөлүмүнүн 3112 (эмеректерди сатып алуу) беренесине бала бакчанын ички жасалгасына, эмерек мебельдерине жана оюн аянтчасына 2 050 843 (эки миллион элүү миң сегиз жүз кырк үч) сом акча каражаты жылдырылсын.
Билим берүү бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүлөрдү алуу) беренесине Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектепке 300 000 (үч жүз миң) сомго видеокөзөмөлдөөчү 30 даана камераларды жана 32 каналдуу видеорегистратор телевизору менен алууга жана ошондой эле инфодокстун роутери микротип ХАБ алууга жылдырылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |