Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 2
Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылагандан кийин чыккан эски чугун батареяларын сатуудан түшкөн акча каражатты мектептин муктаждыктары үчүн которуп берүү жөнүндө
Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылагандан кийин чыккан эски чугун батареяларын сатуудан (Күмүштак айыл өкмөтүнүн 4406021000100147 эсептик счетуна 14511900 элементинде) түшкөн 64500 сом акча каражатты Билим берүү бөлүмүнө чарба буюмдарын алып берүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү бөлүмүнүн 2222 (чарба буюмдарды сатып алуу) беренесине Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылагандан кийин чыккан эски чугун батареяларын сатуудан түшкөн 64500 сом акча каражаты Б.Сатыбеков атындагы орто мектебине чарба буюмдарын алууга берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |