Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 5
1-Май айылындагы муниципалдык менчикти - пельмен цехиндеги жабдууларды ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 катынын негизинде билдирүүнү угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын 1-Май айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында 1-Май айылына пельмен чыгаруучу цехи уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Күмүштак айыл аймагынын 1-Май айылындагы пельмен цехиндеги жабдуулары толугу менен бизнес-өнөктөшкө Раймалиева Нуржан Анаркановнага ИНН:12403197400107, МКК217011, 21.02.2023 ж., убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |