Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 6
1-Май айылындагы муниципалдык менчикти - пельмен цехиндеги жабдууларды ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 катынын негизинде билдирүүнү угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын 1-Май айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында 1-Май айылына пельмен чыгаруучу цехи уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобо 8-бөлүм менен толукталып бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |