Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 7
Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылынын №228-контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,3 гектар жер аянтын өнөр-жай категориясына которуп берүү жөнүндө
Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылынын №228-контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,3 гектар жер аянтын өнөр-жай категориясына которуп берүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагына караштуу Боо-Терек айылынын №228-контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,3 гектар жер аянтын өнөр-жай категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянттын түндүк жагындагы 1,30 гектар жер тилкеси мал айдап өткөнгө жолго калтыруусу эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |