Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын IХ кезексиз сессиясы
2024-жылдын 28-августу № 8
Боо-Терек айылында жайгашкан “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча Күмүштак айылдык Кеңешинин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыккан картасын, көчөлөрүн, жер тилке ээлеринин тизмелерин жана бош муниципалдык жер тилкелерин бекитип берүү жөнүндө.
Айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча кайрадан иштелип чыккан картасын, жер тилке ээлеринин тизмелерин, көчөлөрүн жана бош муниципалдык жер тилкелери жөнүндөгү 2024-жылдын 15-апрелиндеги №5 протоколундагы сунуштарды талкуулап жана алымча кошумча сунуштарды эске алып Күмүштак айылдык Кенешинин I чакырылышындагы депутаттардын IX сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги отурумунун №5 протоколундагы “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча жаңыдан такталган картасындагы жарандардын тизмесин эске алып көчөлөрү жана бош муниципалдык жер тилкелери, талаш участоктордун соттук чечимин эске алуу менен, 2008-жылы “Ак-Жер” жаңы конушунан жарандарга берилген жер тилкелеринин жоголуп кеткен тизмелерин эске алып, Жер ресурстары кызматынын алдындагы Кадастр мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалынан жарандарга берилген мамлекеттик актыларды жана Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү тарабынан жарандарга берилген документтерди эске алуу менен жана алымча кошумча сунуштарды эске алып, жана ошондой эле жогоруда жазылган бул маселе боюнча кынтыксыз толугу менен изилдеп чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы №714 токтомунун редакциясына ылайык) Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаев айыл өкмөтүнүн жоопкерчиликтүү токтому менен Боо-Терек айылында жайгашкан “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча жаңыдан түзүлгөн тизмесин бекитсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Боо-Терек айылында жайгашкан “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча тизмесин бекитүү үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамын түзсүн:
ü Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалынан;
ü Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн;
ü Күмүштак айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын 3 депутаты;
ü Аксакалдар сотунун төрагасы;
ü Ардагерлер кеңешинин төрагасы;
ü Аялдар кеңешинин төрайымы;
ü Жаштар комитенин төрагасы;
ü Күмүштак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен:
· Айыл өкмөтүнүн башчысы;
· Жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси;
· Жер маселери боюнча адиси;
· Өзгөчө кырдаалдар, пробация, укук бузуулар жана коррупция боюнча жетектөөчү адиси;
· Киреше (салык) боюнча адиси;
· Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
· Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы.
Жогоруда жазылган комиссия курамы түзүлүп, 5 нускадан турган протокол жана тизмелеринин беттери номерленип, тигилип, кол тамгалары коюлуп, мөөрлөнүп 220 огород жер тилке ээлеринин тизмеси бекитилсин. 1 нускасы - «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына, 1 нускасы - Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө, 1 нускасы – Күмүштак айылдык кеңешине, 1 нускасы – Күмүштак айыл өкмөтүнө, 1 нускасы – райондук архивине жөнөтүлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө кайрылып “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча жаңы картасын жасатып бүтүрсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы “Ак-Жер” жаңы конушу боюнча муниципалдык бош жер тилкелерине мамлекеттик АКТы алуу үчүн Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына” кайрылып жасатсын.
5. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө жана Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адисине жана жер маселелери боюнча адисине милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |