Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 1
Күмүштак айыл аймагында жайгашкан автоунаа трасса жолдорунун жээгинен баштап Б.Сатыбеков, Д.Дуйшебаев жана Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектептеринин аянттары бүткөн жерге чейинки көчөлөрдү асфальтоо боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун үлүштүк түрткү берүүчү грантка сунуштоо жөнүндө
Күмүштак айыл аймагында жайгашкан автоунаа трасса жолдорунун жээгинен баштап Б.Сатыбеков, Д.Дуйшебаев жана Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектептеринин аянттары бүткөн жерге чейинки көчөлөрдү асфальтоо жөнүндөгү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун үлүштүк түрткү берүүчү грантка сунуштоо жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагында жайгашкан автоунаа трасса жолдорунун жээгинен баштап Б.Сатыбеков, Д.Дуйшебаев жана Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектептеринин аянттары бүткөн жерге чейинки көчөлөрдү асфальтоо жөнүндөгү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоору жактырылып үлүштүк түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2. Өздүк салымы 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен киргизилилип которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |