Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 3
Боо-Терек айылындагы И.Отунбаев атындагы машыгуучу залын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунуштоо жөнүндө
Боо-Терек айылындагы И.Отунбаев атындагы машыгуучу залын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнчаайыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунуштоо жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы И.Отунбаев атындагы машыгуучу залын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоору жактырылып тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |