Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 4
Кыргызстан айылындагы А.Кибраев атындагы күрөш залын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунуштоо жөнүндө
Кыргызстан айылындагы А.Кибраев атындагы күрөш залын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунуштоо боюнча маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы А.Кибраев атындагы күрөш залын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоору жактырылып тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |