Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 6
Күмүштак айыл аймагында жайгашкан айылдарынын жаңы көчөлөрүнө электр карагайларды чубалгылары менен орнотуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунуштоо жөнүндө
Күмүштак айыл аймагында жайгашкан айылдарынын жаңы көчөлөрүнө электр карагайларды чубалгылары менен орнотуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоорун тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунуштоо жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагында жайгашкан айылдарынын жаңы көчөлөрүнө электр карагайларды чубалгылары менен орнотуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан долбоору жактырылып тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунушталсын.
2. Күмүштак айыл аймагынын төмөндөгү айылдарынын жаңы көчөлөрүнө темир бетондолгон электркарагайларды жана чубалгыларды алдыруу жана орнотуу жагы тиешелүү өнүктүрүү фонддорго сунушталсын:
Боо-Терек айылынын Ак-Жер жаңы конушунун төрт көчөсүнө жана Жадыгер көчөсүнө;
Кыргызстан айылынын Сейитказы көчөсүнүн түштүк жагына жана Айтпаев көчөсүнө;
1-Май айылынын Беккелди көчөсүнө;
Жон-Коргон айылынын Эргеш көчөсүнө.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |