Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 7
Кыргызстан айылынын тургуну Мырзабек уулу Аудасбекке акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргызстан айылынын тургуну Э.Сманалиевадан келген 2024-жылдын 11-сентябрындагы №13 кириш сандуу кайрылуусундагы Мырзабек уулу Аудасбек көк-бөрү оюну учурунда оор жаракат алгандыктан, операциясына жана дарылануусуна жардам катары акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү өтүнүчүн карап чыгып жана жергиликтүү айылдык Кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №3 протоколдук отурумунда көрсөтүлгөн “Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ишин алып барылышында каралган акча каражатынын экономиясынан же болбосо жергиликтүү бюджетке ашыкча түшүп калган акча каражатынын эсебинен” жардам берүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ишин алып барылышында каралган акча каражатынын экономиясынан же болбосо жергиликтүү бюджетке ашыкча түшүп калган акча каражатынын эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты Мырзабек уулу Аудасбектин дарылануусуна жардам катары каралып бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |