Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 8
Талас облусунун 80 жылдыгына карата облустук деңгээлде иш-чарасынын өткөрүлүшүнө акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Талас облусунун 80 жылдыгына карата облустук деңгээлде иш-чарасынын өткөрүлүшүнө Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ишин алып барылышында каралган акча каражатынын экономиясынан же болбосо бюджетке ашыкча түшүп калган акча каражатынын эсебинен карап берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык КеңешининI чакырылышындагы депутаттардын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ишин алып барылышында каралган акча каражатынын экономиясынан же болбосо жергиликтүү бюджетке ашыкча түшүп калган акча каражатынын эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты Талас облусунун 80 жылдыгына карата облустук деңгээлде өткөрүлө турган иш-чарасына бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |