КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 10
Боо-Терек айылындагы таза суу системасында жайгашкан кудуктардын капкактарын (люктарын) жаңыртуу жөнүндө
Боо-Терек айылындагы таза суу системасында жайгашкан кудуктардын капкактарын (люктарын) жаңыртуу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы таза суу системасында жайгашкан кудуктардын капкактарын (люктарын) жаңыртуу боюнча“Күмүштак” муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалган долбоору жактырылып бекитилсин.
2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, тиешелүү фонддорго жөнөтүлсүн.
3. Долбоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |