Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 11
Күмүштак айыл аймагынын карьерлеринен кум шагыл (кызыл кум, селдин көк куму), топурак ж.б.у.с. курулуш материалдырын алуу боюнча тарифтерин бекитип берүү жана тарифтерди төлөбөгөн жарандарга айып пулдарды салуу жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын кум шагыл (кызыл кум, селдин көк куму), топурак ж.б.у.с. курулуш материалдырын алуу боюнча тарифтерин бекитип берүү жана тарифтерди төлөбөгөн жарандарга айып пул салуу жөнүндөгү “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматованын сунушун угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын кум шагыл (кызыл кум, селдин көк куму), топурак ж.б.у.с. курулуш материалдырын алуу боюнча тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Кум шагыл (кызыл кум, селдин көк куму) ж.б.у.с. курулуш материалдырын алуу боюнча бир рейсине:
Газ 53 автоунаасы үчүн – 100 сом;
КАМАЗ автоунаасы үчүн – 200 сом;
ХОВО автоунаасы үчүн – 400 сом.
Топурак алууга бир рейсине:
Газ 53 автоунаасы үчүн – 50 сом;
КАМАЗ автоунаасы үчүн – 100 сом;
ХОВО автоунаасы үчүн – 200 сом.
2. Күмүштак айыл аймагынан кум шагыл (кызыл кум, селдин көк куму), топурак ж.б.у.с. курулуш материалдырын “Күмүштак” муниципалдык ишканасына тарифтерди төлөбөй уруксаты жок алган жарандарга “Күмүштак” муниципалдык ишканасы тарабынан 5000 (беш миң) сом айып пул (штраф) салынсын.
3. Карьерлерден кум шагыл (кызыл кум, селдин көк куму), топурак ж.б.у.с. курулуш материалдырын алуу боюнча автоунаалардын айдоочуларын көзөмөлдөө жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |