Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №7-сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № 25
Шекер айыл аймагындагы Чобок каналынын башкы суу алуучу курулмасын жана 15 км узундуктагы каналын Айтматов райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл өкмөтүнүн Көк-Сай айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги кайрылуусу жетекчиликке алынсын.
2. Шекер айыл өкмөтүнүн Көк-Сай айылындагы Чобок каналынын башкы суу алуучу курулмасын жана 15 км узундуктагы каналы мамлекеттик менчикке алынып,Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп Шекер айылдык Sheker.gov. kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |