Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №7-сессиясы
2024-жылдын 22-июлу № 26
Шекер айыл аймагынын Шекер айылына 140 орундуу бала бакча куруу жөнүндө
Шекер айыл аймагынын Шекер айылындагы “Дүйшембиева Рыскул”атындагы балдар бакчасынын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жаңы бала бакча салууга жер тилкесин бөлүп берүү максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылындагы А.Жакыпбеков көчөсүндөгү спорт комплексинин түндүк тарабындагы №745-чөйрө сызыгынан бала бакча курууга 0,60 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн 0.60 га жер тилкесинен тышкары, күн чыгыш тарабынан, батыштан чыгышты көздөй туурасы 6 метр узуну 120 метр жол калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |