Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №8-сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 42
Шекер айыл өкмөтүнүн жаштар комитетин түзүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22- майындагы “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иштөө боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби жөнүндөгү” №225 токтомун ишке ашыруу максатында;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштар саясатын түптөөгө жана ишке ашырууга жаштардын түздөн түз катышуусун камсыздоо максатында Шекер айыл аймагы боюнча Андашов Канатбек Курманбекович жаштар комитетинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Жаштар саясатын өнүктүрүү багытында иш-аракеттерди жүргүзүүгө жаштар комитетинин мүчөлүгүнө ар бир айылдын активдүү жаштарынан түптөлүп мүчөлөрү дайындалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |