Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №8-сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 45
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Көк-Сай АА ишмердүүлугү жөнүндө.
2021-ж 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Көк-Сай АА АКИА АК төрагасы Жекшеналы уулу Чубак маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып Шекер айылдык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Көк-Сай АА АКИА АК төрагасы Жекшеналы уулу Чубак маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөт башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүу жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |