Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №8-сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 49
Көк-Сай чек ара заставасына жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча чек ара башкармалыгынын кайрылуусун негизинде Көк-Сай чек ара заставасынын өздүк курамы машыгууга жана практикалык сабактарды өтүүгө, ок атуу майданына жер тилкесин бөлүп берүү үчүн;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай чек ара заставасынын өздүк курамы машыгууга жана практикалык сабактарды өтүүгө, ок атуу майданына 6 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Убактылуу жайыт комитети менен келишимдин негизинде иш жүргүзүлсүн
3. Аталган жер тилкесин, трансформациядан өткөрүү жагы райондук администрациясына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Э.Иманалиев |