Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2024-жылдын 05 августу № 40
Жер тилкесин өздөштүрүүгө, жашылдандырууга
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Отуз-Уул айылынын тургуну Шакитов Кубанычбек Төлөгөнович Жыргалан суусунун боюндагы кашардын жанынан №186 контурундагы 2,0га жайыт жер тилкесин өздөштүрүүгө, жашылдандырууга берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагындагы Отуз-Уул айылындагы Жыргалан суусунун боюндагы кашардын жанынан №186 контурундагы 2,0га жайыт жер тилкесин өздөштүрүүгө, жашылдандырууга макулдук берет
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн.
Тѳрага Т. Иманалиев