Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2024-жылдын 05 август № 46
Жер тилкесин өздөштүрүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Жолколот айылынын тургуну Арымбаев Каныбек Акматкалиевич №509, 511, 512 контурундагы 1,70га жайыт жер тилкесин өздөштүрүүгө анын ичинен 0,20 жер тилкесин өнөр жай багытында, 1,50га жер тилкесин алма бак өстүрүгө берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагындагы Жолколот айылындагы №509, 511, 512 контурундагы 1,70га жайыт жер тилкесин 0,20 жер тилкесин өнөр жай багытында, ал эми 1,50га жер тилкесин алма бак өстүрүгө трансформациялоого макулдук берет
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн.
Тѳрага Т. Иманалиев