Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-июлу № 91-28
Эмгек келишимдери жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Эмгек келишими боюнча төмөнкү кызмат орундарына кабыл алуу жактырылсын:
- жерге жайгаштыруучунун жардамчысы башкы адистин деңгээлиндеги эмгек акы менен (1 бирд.);
- гранттар боюнча адис башкы адистин деңгээлиндеги эмгек акы менен (1 бирд.).
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |