Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-июлу № 92-28
“Аламүдүн-Авто-Транс” МИнин тарифи жөнүндө
“Аламүдүн-Авто-Транс” МИнин директору М.К.Карамергеновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Гидровская,Новая көчөлөрүнүн жашоочуларынын чогулушунун протоколун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34 беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын “Аламүдүн-Авто-Транс” муниципалдык ишканасынын автобусунда жүрүү үчүн тариф – 15 сомдон бекитилсин;
- Гидровская, Новая көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн – 20 сомдон бекитилсин;
- пенсионерлер – 10 сом;
- окуучулар- 10 сом.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |