Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-июлу № 94-28
Акча каражатын кайтарып берүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын төрагасы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Б.Б.Кайсарбаевдин кызматтык катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Тооруктун жокко чыгарылышына байланыштуу Э.Ж.Эсенбековага кайтарып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 340000 (үч жүз кырк миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |