Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 14-октябры ПТ № 244
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 214 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) курулуштун наркын бир квадрат метрине төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөө:
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында курулуп жаткан объекттер үчүн 55 500 (элүү беш миң беш жүз) сомдон көп эмес;
- Кыргыз Республикасынын облустарында курулуп жаткан объекттер үчүн 59 770 (элүү тогуз миң жети жүз жетимиш) сомдон көп эмес:".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |