Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2024-жылдын 05 августу № 50
Жер тилкесин өздөштүрүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Жолколот айылынын тургуну Калпаков Рысбек Раевич №283,289 контурундагы 1,07га жайыт жер тилкесин өздөштүрүүгө анын ичинен 1.0га жер тилкесин алма бак өстүрүгө, 0,07га жер тилкесин өндүрүш багытына өзгөртүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагындагы Жолколот айылындагы №283,289 контурундагы 1,07га жайыт жер тилкесин өздөштүрүүгө 1.0га жер тилкесин алма бак өстүрүгө, 0,07га жер тилкесин өндүрүш багытына өзгөртүп трансформациялоого макулдук берет
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн.
Тѳрага Т. Иманалиев