Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2024-жылдын 05 август № 52
Жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кенеш Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетов Тегизчил айылынын салынган социалдык шаарчанын ичиндеги №1 участогунун 11 148.08м², мечит, медресе №2 участогунун 2500м², “Эмкана” №3 участогунун 1000м², “тигүү цех” №4 участогунун 1000м² чарчы жер тилкелеринин багытын өзгөртүп берүү боюнча кайрылуусуна карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Тегизчил айылынын салынган социалдык шаарчанын ичиндеги №1 участогунун 11 148.08м², мечит, медресе №2 участогунун 2500м², “Эмкана” №3 участогунун 1000м², “тигүү цех” №4 участогунун 1000м² чарчы жер тилкелеринин багытын өзгөртүүгө макулдук берет
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин
2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Алтын-Арашан жергиликтүү Кенештин туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ашировго жүктөлсүн
Тѳрага Т. Иманалиев