Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылдын 20-августу №3
“Мурдагы Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрү боюнча жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Мурдагы Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрү боюнча жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын башчысы Т.Орозбек уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Мурдагы Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрү боюнча жасалган инвентаризациянын жыйынтыгын карап чыгып, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №183-б буйругунун негизинде комиссиянын кароосуна жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нишанбаев |