Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 03-июну №2
“Жарандын арызын кароо жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-бренесине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1.Эргеш Алиев айылдык кеңешинин депутаты, Бөбүй айылынын тургуну Б.Ибирагимованын арызы эске алынсын.
2. Арызда көрсөтүлгөн маселени жеринде барып чечүү үчүн төмөдөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
- А.Сыдыков – айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
- Б.Ибирагимова – айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын
Катчысы.
Мүчөлөрү:
- Н.Ажыкулов- айыл өкмөттүн бөлүм башчысы;
- Н.Абарбеков – жер маселелери боюнча башкы адис;
- Ш.Камбаров – айылдык кеңештин депутаты.
3. Жогоруда түзүлгөн комиссия курамына Б.Ибирагимованын арызында көрсөтүлгөн контурларды бир айлык мөөнөттө тактап, көрсөтүп берүү милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нишанбаев |