КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 8
Көчөттөрдү суугарууга сезондук суугатчы 2 (эки) штат бирдигин алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 8-пунктунда Каныш-Кыя айыл аймагына “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдү суугарууга сезондук суугатчы 2 (эки) штат бирдигин алуу жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 8-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча отургузулган көчөттөрдү суугарууга сезондук суугатчы 2 (эки) штат бирдигин алууга “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына субсидия катарында 194 250 (жүз токсон төрт миң эки жүз элүү) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин. Мыйзамдуулук менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Ш. Аликеев |