ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №72
““Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-февралында чыккан № 522 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек, Терек-Сай жана Болуш айылдарынын ички көчөлөрүн бетондоо жөнүндөгү Терек-Сай айылдык кеңешинин кезексиз XXXXVI кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 08-февралында чыккан № 522 токтомуна өзгөртүү киргизүү зарылдыгы боюнча , Терек-Сай айылында жайгашкан кичи-футбол аянтчасынын абалы начар, ремонт талап кылып жаткандыктан, Терек-Сай айылынын ички көчөлөрүн бетондоого бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын кичи-футбол аянтчасынын ремонт иштерине жумшоо зарылдыгына байланыштуу багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү депутаттардын (М.Тойчиев А.Сеитов) жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек, Терек-Сай жана Болуш айылдарынын ички көчөлөрүн бетондоо жөнүндөгү Терек-Сай айылдык кеңешинин кезексиз XXXXVI кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 08-февралында чыккан № 522 токтомунда көрсөтүлгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатынын багыты өзгөртүлсүн жана Терек-Сай айылында жайгашкан кичи-футбол аянтчасынын ремонт иштерине жумшоо максатында жумшалсын жана багыты өзгөртүлгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |