Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 10

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу ар бир айылдардагы мураптарга жана кароолчуларга айлык акы төлөп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 10-пунктунда Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы мураптарга жана кароолчуларга айлык акы төлөп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 10-пункту эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы мураптарга жана кароолчуларга элдин сунушу менен көрсөткөн кызмат акысын, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счёту аркылуу эсеп жүргүзүп, эмгек акысына жана социалдык төлөмдөрүн чегерүүгө жалпысынан 1 062 341 (бир миллион алтымыш эки миң үч жүз кырк бир) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин. Мыйзамдуулук менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев