Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №73
““Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-февралында чыккан № 523 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.”
Терек-Сай айылдык кеңешинин кезексиз XXXXVI кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 08-февралында чыккан № 523 токтомунда көрсөтүлгөн Ак-Терек айылындагы коомдук мончону ишке киргизүүгө бөлүнгөн 675 000 ( алты жүз жетимиш беш миң ) сом акча каражатынын багытын өзгөртүү зарыл болуп жаткандыгын белгилөө менен, Ак-Терек айылында жайгашкан кичи-футбол аянтчасында санитардык-гигиеналык талаптардын нормасын сактоо максатында, кичи-футбол аянтчасына караган ажаткана салуу үчүн карап берүү жөнүндөгү депутаттардын (М.Тойчиев А.Сеитов) жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы коомдук мончону ишке киргизүүгө байланыштуу Терек-Сай айылдык кеңешинин кезексиз XXXXVI кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 08-февралында чыккан № 523 токтомунда көрсөтүлгөн 675 000 (алты жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатынын багытын өзгөртүү менен Ак-Терек айылындагы кичи-футбол аянтчасындагы санитардык-гигиеналык талаптардын нормаларын сактоо максатында, кичи-футбол аянтчасына караган ажаткана салуу үчүн жумшалсын жана багыты өзгөртүлгөн 675 000 (алты жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |