Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 12

Долбоор сметаларды даярдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 12-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген иш-планындагы долбоор сметаларын даярдоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 12-пункту эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген иш-планындагы долбоор сметаларын даярдоого 14 826 300 (он төрт миллион сегиз жүз жыйырма алты миң үч жүз) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен жылдырылып берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев