Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 токтомуна) |
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо ПРОГРАММАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (мындан ары - Улуттук стратегия) артыкчылыктуу багыттарынын бири ар бир мүчөсү өз аймагын өнүктүрүүгө квалификациялуу түрдө катышууга жөндөмдүү болгон жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулукту түзүү болуп саналат. Улуттук стратегияда жергиликтүү коомчулуктун жарандары өз регионун, шаарын, айылын өнүктүрүү максатында өз демилгелерин жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү шарттарды түзүү каралган.
Шаарларда жашаган жергиликтүү коомчулуктун саны 2024-жылдын 1-январына карата 34,86%, айыл жеринде жашагандар 65,14% түздү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык учурда пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында 452 айыл аймагынан ирилештирилген 235 айыл аймагы түзүлдү, шаарлардын саны 32ден 33кө көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жергиликтүү коомчулукка жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги алдында чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруу укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүгү кепилденген. Республикада жергиликтүү коомчулуктун конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган ченемдик укуктук база иштейт.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомчулуктар тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты жергиликтүү өз алдынча башкарууну калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-финансылык шарттарды түзүүнү жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү карайт. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды колдоого, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда финансылык муктаждыктарын камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттер жыл сайын бөлүнөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген инфраструктуралык долбоорлор каржыланат.
Дүйнөлүк практика жергиликтүү коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Бул төмөнкү себептер менен шартталган:
1) финансылык ресурстардын чектелүү шарттарында жарандар үчүн кыйла актуалдуу долбоорлорду биринчи кезекте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. Жергиликтүү коомчулук жарандар үчүн кайсы долбоорлор кыйла артыкчылыктуу экендиги жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик чыгымдардын артыкчылыктары жөнүндө чечимдерди кабыл алууда бул маалыматты эске алат;
2) жарандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймакты өнүктүрүүнүн кыйла актуалдуу көйгөйлөрүн биргелешип чечишет, бул жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишениминин өсүшүнө жана социалдык чыңалууну азайтууга өбөлгө түзөт.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жергиликтүү коомчулуктарга финансылык жана башка колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2003-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (мындан ары - Агенттик) тарабынан жүзөгө ашырылат, анын милдеттеринин бири республиканын жергиликтүү коомчулуктарын чыңдоо болуп саналат.
Агенттик тарабынан эл аралык донордук уюмдардын финансылык колдоосу менен айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү, республиканын региондорунда жылуулук менен жабдууну жакшыртуу, агрардык секторду жана туризмди, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорлору ишке ашырылууда.
Агенттик өз ишинде жергиликтүү коомчулуктардын мүчөлөрүн социалдык мобилизациялоо инструменттери аркылуу тышкы инвестицияларды жана ички ресурстарды башкаруу процессине тартат.
Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен активдүү катышуусуна түрткү берүү үчүн 2019-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу мамлекеттик органдын ички ведомстволук буйругу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилген.
Аталган ички ведомстволук документке ылайык жергиликтүү демилгелер деп жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселелерди чечүүгө багытталган, жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт. Бул документке ылайык жергиликтүү демилгелерди каржылоо булактары болуп жергиликтүү демилгени каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар саналат.
Бирок ишке ашырылып жаткан жергиликтүү демилгелердин саны аз, бул жергиликтүү бюджеттердин ресурстарынын тартыштыгына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаарлардын/айыл аймактардын тургундарынын жергиликтүү демилгелердин алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө маалымдуулугунун төмөндүгүнө жана потенциалынын жетишсиздигине байланыштуу.
2-глава. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жашоо үчүн ыңгайлуулукту жана оңтойлуулукту эске алуу менен калктуу конуштарды өнүктүрүү, шаарлар менен айылдардын ортосундагы жашоо сапатындагы ажырымды азайтуу негизги багыттардын бири болуп саналат. Аталган Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ыкчам камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларында жергиликтүү коомчулук тарабынан сунушталган инфраструктуралык, социалдык долбоорлорду жана калктын ыңгайлуу жашоо шарттарына болгон муктаждыгын канааттандырууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу каржыланды. 2024-жылга Токмок, Кара-Балта жана Талас шаарлары үчүн максаттуу трансферттерди бөлүү каралган.
Республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү фонддоруна жыл сайын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо үчүн каражаттар которулат. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча региондорду өнүктүрүү фонддорунун бюджетинен 87% каражат социалдык жана муниципалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган. Республиканын региондорунда 32 спорттук объект, 3 саламаттык сактоо имараты (ФАП) курулган, 72 административдик имарат оңдолгон жана 256 ирригациялык объекттин абалы жакшырган.
Республиканын региондорунда Япониядагы долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасына негизделген "Бир айыл - бир продукт" (БАБП) долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 29 Жарлыгы менен "Бир айыл - бир продукт" долбоору Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүдө Улуттук экономикалык долбоор катары ишке киргизилген. Долбоор жергиликтүү коомчулуктун туруктуу ишине, жумуш орундарын түзүүгө, пайдалуу продукцияны өндүрүүгө жана аны эл аралык рынокторго экспорттоого өзгөчө басым жасоо менен республиканын региондорунда жайылтылат. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан жалпы суммасы 238 млн. сомго 167 экспорттук келишим түзүлдү, 2017-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде жергиликтүү коомчулук тарабынан 700дөн ашык продукт иштелип чыккан, алар ички рыноктордо жана Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Арабиясы, БАЭ, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка өлкөлөрдүн тышкы рынокторунда ийгиликтүү сатылууда.
Ошол эле учурда жергиликтүү коомчулуктун жашаган аймагын өнүктүрүүгө катышуусун камсыз кылуу жана демилгелерди колдоо боюнча иште көйгөйлөр сакталып калууда. Учурда жергиликтүү коомчулук калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча ишке начар тартылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүүгө, илгерилетүүгө жана иштеп чыгууга калкты, ишкерлерди жана башка кызыкдар жактарды кеңири тартуу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана укуктук базага ээ эмес.
Жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жетишсиздигине, өз аймагын өнүктүрүүгө жергиликтүү коомчулукту тартуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалынын жетишсиздигине, жергиликтүү демилгелердин алкагында долбоорлорду көрсөтүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча калктуу конуштардын тургундарынын маалымдуулугунун төмөндүгүнө байланыштуу, Программада аларды аткаруу шаарларда жана айылдарда жашаган жарандар үчүн кыйла актуалдуу болгон долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү коомчулукту активдүү катышууга тартууга мүмкүндүк бере турган милдеттер каралган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо каралган.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо аймактарды көрктөндүрүү жана шаарларда/айыл аймактарында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын берүүнү карайт.
Өнүктүрүүнүн ушул этабында жергиликтүү коомчулуктун демилгелери үчүн мамлекеттик субсидиялардын булагы болуп облустук жана райондук региондорду өнүктүрүү фонддорунун (мындан ары - региондорду өнүктүрүү фонддору) каражаттары саналат. Андан ары аймактарды өнүктүрүүнүн колдонуудагы инструменттерин өркүндөтүүнүн эсебинен мамлекеттик субсидиялоо булактарынын тизмесин кеңейтүү же жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун жаңы булактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын андан ары жергиликтүү кеңештер тарабынан жактырылган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуусу максатка ылайыктуу.
Ушул Программанын алкагында жергиликтүү коомчулуктун демилгеси түшүнүгү тиешелүү шаардын/айылдык аймактын аймагында жашаган тургундардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын шаарда/айылдык аймакта жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду алып чыгуу, алгачкы талкуулоо, алдын ала тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду даярдоо, долбоорлорду тандоо боюнча конкурска киргизүү боюнча ишин камтыйт.
3-глава. Программанын максаты
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасы жергиликтүү коомчулук тарабынан сунушталган жана аймактарды көрктөндүрүүгө, шаарларда/айыл аймактарында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган ишке ашырылган долбоорлордун санын көбөйтүүнү көздөйт.
Ишке ашырылган долбоорлордун санын көбөйтүү региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу мамлекеттик субсидиялоонун эсебинен, шаарлардын/айылдык аймактардын жергиликтүү жамааттарынын тургундарынын жана башка кызыкдар тараптардын жергиликтүү жамааттын демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдуулук даражасын жогорулатуунун эсебинен, ошондой эле жергиликтүү жамааттын демилгелерин ишке ашыруунун бардык катышуучуларынын потенциалын жогорулатуунун эсебинен жетишилет
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулукка долбоорлорду алып чыгууга, талкуу жүргүзүүгө, добуш берүү жолу менен алдын ала тандоого жана жергиликтүү коомчулуктун тандалган долбоорлорун региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо жана долбоордук өтүнмөлөрдү конкурстук тандоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна берүүгө мүмкүндүк берүүчү шарттарды (тиешелүү ченемдик базаны иштеп чыгууну кошкондо) түзүүсү зарыл.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасынын максаты жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана бардык тартылган катышуучуларга мындай долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
4-глава. Программанын артыкчылыктуу багыттары
Программанын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүү, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун сунуштоо, тандоо жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун киргизүү үчүн укуктук жана институционалдык шарттарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун, региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрүнүн потенциалын, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин сунуштоого, тандоого жана ишке ашырууга катышуунун артыкчылыктары жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу;
3) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
5-глава. Артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттер
Артыкчылыктуу багыттар боюнча негизги милдеттер:
1. Төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүү:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.
2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн, региондорду өнүктүрүү фонддорунун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин сунуштоого, тандоого жана ишке ашырууга катышуунун артыкчылыктары жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
3) региондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин мүчөлөрүнүн жана аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
4) жергиликтүү коомчулуктун демилгелери жөнүндө бардык кызыкдар тараптарды маалымдоого багытталган маалыматтык кампанияны өткөрүү;
5) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду даярдоодо жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна конкурска тапшырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү.
3. Программа аяктагандан кийин жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча шарттарды түзүү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча укуктук базаны жана институттук механизмдерди жакшыртуу;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин туруктуу ишке ашырылышын камсыз кылуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети долбоордук циклдин бардык этаптарында коомчулуктун демилгечи топтору сунуштаган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү болуп эсептелет.
Аймактарды көрктөндүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорду сунуштаган демилгечи топтор жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнөн түзүлөт.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин алкагында сунушталган долбоордун этаптарынын ырааттуулугу болуп эсептелген долбоордук цикл төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) долбоорду алып чыгуу, аны алдын ала талкуулоо (анын ичинде социалдык тармактарда, мессенджерлерде, үймө-үй кыдыруу аркылуу, жарандардын жыйналыштарында ж.б.);
2) жергиликтүү коомчулук тарабынан долбоорду алдын ала тандоо (жарандардын чогулуштарында, жыйналыштарында, сурамжылоо, кол топтоо же добуш берүүнүн башка формалары аркылуу);
3) жергиликтүү коомчулук тарабынан алдын ала тандалган долбоорлорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна киргизүү;
4) берилген долбоорлордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралышы;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жактырылган долбоорлорду жарандар менен биргеликте жеткире иштеп чыгуу, долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
6) региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берүү;
7) региондорду өнүктүрүү фонддорунан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруу;
8) долбоордун жергиликтүү коомчулук тарабынан ишке ашырылышын коомдук контролдоо, долбоордун жыйынтыгын кабыл алуу;
9) түзүлгөн объектти пайдаланууга берүү (эгерде долбоордо муниципалдык инфраструктура объекттерин оңдоо же түзүү каралса);
10) долбоорду ишке ашыруунун натыйжалары боюнча отчетту даярдоо.
6-глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүү боюнча иш-чаралар
Ушул Программанын алкагында жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын каражаттары болуп саналган региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен берилет.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүү боюнча чаралар региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин субсидиялоонун тартибин караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдоого багытталат.
§ 6.1. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүү боюнча маселени чечүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого төмөнкү бөлүктөр боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлордун өзүнчө категориясын бөлүп көрсөтүү;
2) региондорду өнүктүрүү фонддоруна конкурстук тандоого долбоордук өтүнмөлөрдү тапшыруу тартибине жана аларды сыпаттоого карата талаптар;
3) мындай долбоорлорду конкурстук тандоого критерийлер;
4) региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынан аларды каржылоо тартиби;
5) алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо.
Мамлекеттик субсидиялоо жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган, анын ичинде аймактарды көрктөндүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган кыйла маанилүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн, анын ичинде калктын социалдык жактан аялуу топторунун кызыкчылыктарын коргоого, маданиятты, дене тарбия жана спортту ж.б. колдоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган долбоорлор үчүн берилет.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында региондорду өнүктүрүү фонддорунан каржылоо алууга долбоорлорду конкурстук тандоодо төмөнкүлөр артыкчылыктуу болуп аныкталат:
1) аларды алып чыгууга, талкуулоого жана алдын ала тандоого шаардын/айыл аймагынын жашоочуларынын олуттуу үлүшү катышкан долбоорлор.
Бул калктын ар кандай социалдык топторунун активдүүлүгүн жогорулатууну жана жашоочулар үчүн кыйла артыкчылыктуу болгон проблеманы тандап алууну камсыздайт, аны чечүү жергиликтүү коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн долбоор менен ишке ашырылат;
2) аялдар активдүү катышкан долбоорлор.
Практика көрсөткөндөй, коомдук бюджеттик угууларга жана жергиликтүү демилгелердин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга аялдар активдүү катышат, анын негизинде жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклине аялдардын активдүү катышуусун күтүүгө болот. Аялдар өз кызыкчылыктарына жооп берген долбоорлорго добуш бергендиктен, бул гендердик теңчиликке жетишүүгө өбөлгө түзөт;
3) башка шаарларга/айыл аймактарына салыштырмалуу калктын жалпы санынан кайрымдуулук алуучулардын көбүрөөк үлүшүн камсыз кылган долбоорлор;
4) аларды ишке ашыруунун натыйжасында жумуш орундары түзүлө турган (же сактала турган) долбоорлор (мисалы, жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө оңдоодон кийин маданият үйүнүн ачылышы бир нече жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт);
5) жергиликтүү бюджеттер тарабынан кош каржылоонун үлүшү башка шаарларга/айыл аймактарына караганда жогору болгон долбоорлор;
6) инклюзивдүүлүктү камсыздоочу тактап айтканда, социалдык жактан аялуу топторго алардын кызыкчылыктарына көбүрөөк жооп берген долбоорлорду тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнү камсыз кылган калктын социалдык жактан аялуу топторунун кызыкчылыктарын коргоого багытталган долбоорлор;
7) экологиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган долбоорлор.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында региондорду өнүктүрүү фонддорунан каржылоону алууга конкурстук тандоо үчүн төмөнкү критерийлерге ылайык келген долбоорлорго жол берилет:
1) акысыз эмгекке катышуу, техника, курулуш материалдарын берүү жолу менен ошол шаардын/айыл аймагынын жашоочуларынын ыктыярдуу салымдарынын, ошондой эле жашоочулар тарабынан ыктыярдуу финансылык төгүмдөрдүн үлүштөрү менен;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүлгөн объектти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана/же акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен өз алдынча күтүүгө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу.
Жашоочулардын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууга кошкон салымы көз карандылык маанайды азайтууга, жергиликтүү коомчулуктун жергиликтүү өз алдынча башкарууга активдүү катышуу үчүн өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүүгө жардам берет. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында долбоорду ишке ашырууга жашоочулардын кошкон салымы түзүлгөн объекттин натыйжалуу иштешин жана ага кылдат мамиле жасоону камсыз кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тургундар тарабынан финансылык салымдын минималдуу өлчөмүн белгилөөгө же белгилебөөгө укуктуу. Мүмкүн болушунча көпчүлүк тургундар өз каражаттарынын чегинде финансылык салым кошуусу, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин акысыз эмгек же мүлктүк катышуу аркылуу ишке ашырууга катышуусу маанилүү.
Ресурстардын чектелүү экенин эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин алып чыгуунун алдында жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоого жергиликтүү бюджеттен бөлүнүшү мүмкүн болгон максималдуу сумма, ошондой эле регионду өнүктүрүү фондунан бөлүнүшү мүмкүн болгон болжолдонгон сумма жөнүндө демилгечилерге маалымдоого тийиш.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоого жумшалуучу регионду өнүктүрүү фондунун бюджетинин каражаттарынын кепилденген үлүшүн - квотаны белгилөө зарыл.
Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеги жетишерлик кенен, ушуга байланыштуу жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин тизмегинен төмөнкүлөрдү караган долбоорлорду алып салуу зарыл:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же коомдук уюмдар жайгашкан имараттарды оңдоону;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын ишин камсыз кылуучу кандайдыр бир товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну;
3) коммерциялык уюмдарга колдоо көрсөтүүнү, алар жергиликтүү калкка кызмат көрсөтсө да (коомдук тамактануу, соода объекттери, турмуш-тиричилик кызматтары ж.б.);
4) жеке менчик же коомдук уюмдардын менчиги болуп саналган объекттерди түзүүнү же оңдоону ж.б.
§ 6.2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү
(Параграф Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү боюнча чаралар төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну камтыйт:
– жергиликтүү коомчулук тарабынан демилгеленген долбоорлорду көрсөтүү, тандоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына долбоорду көрсөтүүдөн жана талкуулоодон, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн конкурстук тандоого долбоордук өтүнмөнү берүүдөн баштап долбоордук циклди ишке ашыруу боюнча консультацияларды, иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын пакетин колдонуу боюнча консультацияларды берүү.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдүн тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылар зарыл:
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө тургундарга маалымат берүү;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүү;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин талкуулоо;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого берүү үчүн алдын ала тандоо;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого берүү;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин алдын ала тандоо (алдын ала тандоо критерийлери болуп долбоордун реалдуулугу, анын ичинде суралган ресурстардын көлөмү, анын жергиликтүү маанидеги маселелерге шайкештиги ж.б. саналат);
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алдын ала тандоодон өткөн, көрсөтүлгөн демилгелер боюнча кошумча сунуштарды киргизүү;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин конкурстук тандоо, конкурстук тандоо критерийлери боюнча сунуштамалар;
– жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү биргелешип жеткире иштеп чыгуу;
– долбоордук-сметалык документтерди жана башка зарыл документтерди иштеп чыгуу;
– жарандардын, жеке ишкерлердин жана уюмдардын кошо каржылоого багытталган ыктыярдуу төлөмдөрүн чогултуу;
– ишке ашырууга жана кабыл алууга коомдук контролду уюштуруу;
– долбоорлорду ишке ашырууда алынган үнөмдөөлөр болгон учурда же болбосо эгерде бул долбоорлор ишке ашырылбаган учурда жарандардын, жеке ишкерлердин жана уюмдардын каражаттарын кайтарып берүү/башка максаттарга пайдалануу;
– мониторинг жүргүзүү жана таасирди баалоо;
– ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин мазмунуна жана баяндоо форматына коюлган талаптарды караган документтерди жана жергиликтүү жамааттын демилгелерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого берүү.
Аталган ченемдик укуктук актылар бүткүл долбоордук циклди – жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүүдөн тартып регионду өнүктүрүү фондуна долбоордук өтүнмөнү берүүгө чейин, ошондой эле региондорду өнүктүрүү фонддорунан каржылоо алынган учурда жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууну, жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү жана коомдук контролдоону жана долбоордун натыйжаларын кабыл алууну, жергиликтүү коомчулуктун ишке ашырылган демилгелеринин аймакты өнүктүрүүгө тийгизген таасирин баалоону жөнгө салууга тийиш.
Баштапкы этапта жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көрсөтүүнүн башталышы жөнүндө тургундарга маалымат берүү тартибин, ошондой эле долбоорлорду тургундар тарабынан талкуулоо жана алдын ала тандоо тартибин жана формаларын (угуу, чогулуш, жарандарды сурамжылоо, жыйын, аралыктан добуш берүү ж.б.) иштеп чыгуу зарыл.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук өтүнмөлөрүн конкурстук тандоо критерийлерине өзгөчө көңүл буруусу керек. Бул критерийлер региондорду өнүктүрүү фонддорунан каржылоо алуу үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук өтүнмөлөрүн тандоо үчүн белгиленген конкурстук тандоонун критерийлерине максималдуу даражада ылайык келүүгө тийиш. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн долбоорлорду алдын ала тандоонун жүрүшүндө конкурстук тандоонун критерийлерин аныктоо үчүн эркиндик берилет. Атап айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаарды/айыл аймагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына дал келген долбоорлорго баллдардын көбүн берүүгө укуктуу, мисалы, тургундар эс алуучу жерлерди (скверлерди), балдар жана спорт аянтчаларын куруу же абалын жакшыртуу, суу менен камсыздоо жана/же саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу ж.б. Салыштырмалуу ири шаарларда/айыл аймактарында жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу аймактар белгилениши мүмкүн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын пакетин колдонуу боюнча жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн шаарлардын/айыл аймактарынын эки тобу тандалып алынат.
Биринчи топко төмөнкү критерийлерге ылайык келген шаарлар/айыл аймактары кирет:
– 2025-жылга бюджетте тартыштык болбогон;
– шаар/айыл аймагы республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферттерди албаган;
– жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу тажрыйбасынын болушу;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетиштүү потенциалы.
Бул критерийлерге ылайык келген шаарларда/айыл аймактарында долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун/райондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн потенциал бар. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу, типтүү ченемдик укуктук актылардын пакетин адаптациялоого көмөк көрсөтүү, жергиликтүү коомчулуктун активисттеринин потенциалын жогорулатуу, региондорду өнүктүрүү фонддорунун/райондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоого көмөк көрсөтүү сыяктуу багыттар боюнча колдоо 2025–2026-жылдары ушул шаарларга/айыл аймактарына көрсөтүлөт. Калган шаарлар/айыл аймактары экинчи топко киргизилип, аларга 2027-жылы көмөк көрсөтүлөт.
Долбоордук циклдин биринчи бөлүгүн ишке ашыруу – жергиликтүү коомчулук тарабынан демилгеленген долбоорлорду көрсөтүүдөн баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө чейин, ар кандай шаарларда/айыл аймактарында олуттуу айырмаланат: чакан айыл аймактары менен шаарлардын ортосундагы айкын айырмачылыктардан тышкары, айыл аймагынын компакттуу жайгашуусунун (башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарга жөө баруу же коомдук транспортто оңой жетүү мүмкүндүгү), көп батирлүү үйлөрдүн болушу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын интернет-сайттарынын болушу, социалдык тармактарда/мессенджерлерде тургундардын түзүлгөн топторунун болушу, шаардын/айыл аймагынын аймагында иш жүргүзгөн ишкерлердин болушу сыяктуу факторлордун жана башка көптөгөн факторлордун мааниси бар. Бул факторлордун баары Программаны ишке ашырууда эске алынышы керек.
7-глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин маселелери боюнча потенциалды жогорулатуу жана маалымдоо боюнча иш-чаралар
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу маселелери боюнча потенциалды өнүктүрүүгө багытталган чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндөгү демилгечи топтордун мүчөлөрүнө, байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнө жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнө консультацияларды берүүгө жана окутууга багытталат.
Бул багыт боюнча программалык иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруунун бардык катышуучулары үчүн окуу курстарын иштеп чыгууну;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, байкоочу кеңештер жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү үчүн окууларды өткөрүүнү;
3) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бардык кызыкдар тараптарга маалымат берүүгө багытталган маалыматтык кампанияны өткөрүүнү;
4) долбоордук циклдин жүрүшүндө консультация берүүнү - жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көтөрүп чыгуудан тартып региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмөлөрдү берүүгө чейин.
Программаны ишке ашыруунун алгачкы баскычында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө, региондорду өнүктүрүү фонддоруна консультацияларды уюштуруу зарыл. Андан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү коомчулукка консультация берүү милдетин аткарат.
§ 7.1. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруунун долбоордук циклинин жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин бардык аспекттерин камтыган окуу курстарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн иштеп чыгуу;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн маалыматтык кампанияны уюштуруу, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин тандоо, баалоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору боюнча окутууларды өткөрүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин алдын ала тандоону, жергиликтүү коомчулук менен бирге долбоорлорду толуктап иштеп чыгууну, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмөлөрдү берүү үчүн долбоорлорду конкурстук тандоону өткөрүүнү кошкондо, долбоордук циклдин бардык стадияларынын процессине катышат. Жергиликтүү коомчулук демилгелеген каржылоо үчүн жактырылган долбоорлор боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык сатып алууларды жүргүзөт, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен бирге подрядчылардын ишин контролдойт жана кабыл алууну жүргүзөт, ошондой эле ишке ашырылган долбоорлордун калктуу конушту өнүктүрүүгө тийгизген таасирин баалайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууга жарандарды тартууга, анын ичинде долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктары жөнүндө аларга маалымдоо аркылуу көмөк көрсөтөт.
Окутууну өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына долбоордук циклдин жүрүшүндө (анын ичинде баштапкы этаптарда - жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин маалымдоо, көтөрүү, алдын ала талкуулоо, долбоорду алдын ала тандоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна берүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулук демилгелеген долбоорду ишке ашырууда жана анын натыйжаларын кабыл алууда коомдук контролдоо этабында) пайда болгон маселелер боюнча жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн консультациялардын потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, байкоочу кеңештердин өкүлдөрүнүн, региондорду өнүктүрүү фонддорунун аткаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, коомдук уюмдардын, ишкерлердин, журналисттердин жана жергиликтүү коомчулуктардын демилгечи топторунун катышуусу менен республиканын региондорунда окутуучу семинарларды өткөрүүнү уюштуруу зарыл,
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программаларына киргизилүүчү окуу модулдарын иштеп чыгуу зарыл. Ошондой эле аралыктан окутуу курстарын жана көп берилген суроолорго жоопторду камтыган видеороликтерди иштеп чыгуу зарыл.
§ 7.2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу
Программада долбоордук циклди ишке ашыруу чөйрөсүндө демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатууга багытталган төмөнкү чараларды ишке ашыруу каралууда:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көтөрүү жана илгерилетүү боюнча демилгечи топтордун өкүлдөрү үчүн окуу курстарын иштеп чыгуу;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында алып чыгарылган долбоорлорду даярдоого, демилгечи топ тарабынан жергиликтүү коомчулук менен долбоорлорду тандоону жана талкуулоону өткөрүүгө окутуу.
Демилгечи топторду окутуунун зарылдыгы жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көтөрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна сунуштоо жергиликтүү коомчулук тарабынан жүзөгө ашырылаары менен шартталган.
Жергиликтүү коомчулук тарабынан долбоорлорду алып чыгуу, талкуулоо жана тандоо стадиясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу консультациялык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү болуп саналат. Демилгечи топ тарабынан долбоорлорду талкуулоо социалдык тармактарда/мессенджерлерде, жарандардын жыйындарында/чогулуштарында, ошондой эле долбоорлорду алдын ала кароого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүнүн алдында долбоорлорду тандоо боюнча добуш берүүлөрдү жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат. Демилгечи топторду окутуу зарыл, анткени долбоордук циклдин бул стадиясында негизги жүктөмдү жергиликтүү коомчулуктун активдүү өкүлдөрү алат.
Программаны ишке ашыруунун баштапкы этабында өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен тренингдер өткөрүлөт. Кийин мындай окутуу өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан улантылат. Программанын туруктуулугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү коомчулуктун активисттери үчүн окутуучу материалдар (видеолекциялар/роликтер, брошюралар) иштелип чыгат жана жалпыга жеткиликтүү жерге жайгаштырылат.
§ 7.3. Байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу
Программада байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй чаралар каралган:
1) байкоочу кеңештердин активисттери, мүчөлөрү жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү үчүн окуу курстарын иштеп чыгуу;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында долбоорлор боюнча өтүнмөлөрдү эксперттик баалоого, долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө окутуу.
§ 7.4. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелери жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдоого багытталган чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтык материалдарды даярдоо;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарында (телекөрсөтүү, гезиттер) маалыматтык кампанияны өткөрүү.
Жергиликтүү коомчулуктун долбоорлоруна кызыккандарга маалымдоого багытталган милдеттерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарына жана/же алардын социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылуучу (чакан айыл аймактары үчүн мындай видеороликтер мессенджерлерде түзүлгөн тургундардын топторуна да жайгаштырылышы мүмкүн) чакан видеороликтерди иштеп чыгууга мүмкүн болот. Маалыматтык материалдарды визуалдаштырууну максималдуу пайдалануу менен кагаз жүзүндө (брошюралар, буклеттер) таратууга болот.
8-глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча программалык чаралар төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
1) натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо, мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча укуктук базаны жана институттук механизмдерди өркүндөтүү;
2) Программа аяктагандан кийин жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу.
Программа аяктагандан кийин жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруунун туруктуулугун камсыз кылуу, институттук эс тутумду сактоо үчүн окуу модулдарын иштеп чыгуу жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу программаларына интеграциялоо, ошондой эле аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу зарыл. Жергиликтүү коомчулуктун демилгечи топторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун өз алдынча окуусу үчүн окуу материалдарын - видеолекцияларды, роликтерди, көп берилүүчү суроолорго жооптор киргизилген брошюраларды иштеп чыгуу жана жалпыга жеткиликтүү жерге жайгаштыруу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн алынган билимди өз алдынча контролдоо мүмкүнчүлүгү менен аралыктан окуу курстарын иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болот.
§ 8.1. Натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн максаты региондорду өнүктүрүү фонддору тарабынан долбоорлорду каржылоодон кийин долбоордук циклди ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча укуктук базаны жана институттук механизмдерди өркүндөтүү пландалууда. Бул иш жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруунун биринчи жылы жыйынтык чыгарылгандан кийин башталат.
9-глава. Күтүлгөн натыйжалар
Программаны ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларга жетүүгө шарт түзөт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көтөрүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү коомчулуктардын маалымдуулугун жогорулатуу;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгечи топтору кирген жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклинин бардык катышуучуларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
3) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу үчүн институттук жана укуктук шарттарды түзүү.
Түздөн-түз натыйжаларга жеткенден кийин мүмкүн болгон жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруу төмөнкү акыркы натыйжаларга жетүүгө шарт түзөт:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында объекттерди куруунун же оңдоонун эсебинен муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.
Мындан тышкары долбоорлорду ишке ашыруу туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө прогресске шарт түзөт.
1) Гендердик теңчилик: дүйнөлүк практика, ошондой эле Кыргызстандагы жергиликтүү демилгелердин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы аялдардын долбоорлорду алып чыгууга, талкуулоого жана тандоого активдүү катышкандыгын көрсөтүүдө. Долбоорлорду тандоодо аялдардын артыкчылыктары максималдуу деңгээлде эске алынат.
2) Таза суу жана санитария: жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин олуттуу бөлүгү ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталат.
3) Теңсиздикти азайтуу: институттук жана укуктук алкактар долбоорлорду тандоого калктын социалдык аялуу топторун тартууну, ошондой эле калктын социалдык аялуу топтору тарабынан алып чыгарылган долбоорлорго конкурстук тандоонун алкагында преференцияларды берүүнү камсыз кылат.
4) Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар: жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин олуттуу бөлүгү шаарлар жана айылдардын калктуу конуштары үчүн бир кыйла маанилүү болгон аймактарды абаттоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.
5) Туруктуу өнүктүрүү максаттарындагы өнөктөштүк: жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук цикли мамлекеттик органдардын, бизнестин, жергиликтүү коомчулуктардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн үзгүлтүксүз процессин билдирет, бул өз ара түшүнүшүүнү жогорулатууга жана алардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле социалдык чыңалууну азайтууга шарт түзөт.
10-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программаны ишке ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жергиликтүү демилгелердин алкагында алып чыгарылган долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган коомдук бюджеттик угуулардын жүрүшүндө жарандардын активдүүлүгү.
Программаны ишке ашыруунун тобокелдиктери жана тобокелдиктерди башкаруу механизмдери төмөнкүлөр:
Тобокелдик | Башкаруу механизми |
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууга калктын, бизнестин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыгуусунун төмөндүгү | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашыруунун артыкчылыктары жөнүндө кеңири маалыматтык кампанияны өткөрүү |
Региондорду өнүктүрүү фонддоруна конкурстук тандоого долбоорлорду берүү максатында жергиликтүү коомчулукту даярдоо үчүн активисттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалынын жетишсиздиги | Окуу курстарын иштеп чыгуу жана окутууну жүргүзүү. Жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин регламенттөөчү типтүү ченемдик документтерди иштеп чыгуу. Жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоордук циклин регламенттөөчү типтүү ченемдик документтерди адаптациялоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү |
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин тандоо чөйрөсүндө байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалынын жетишсиздиги | Окуу курстарын иштеп чыгуу жана окутууну жүргүзүү. Конкурстук тандоого сунушталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин кароодо техникалык жардам көрсөтүү |