Загрузка документа…
ШУМКАР-УЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры № 40
“ Шумкар-Уя айылдык аймагында муниципалдык ишканаларды уюштуруу жөнүндө”
Күн тартибине коюлган таштанды полигон муниципалдык ишкана ачуу маселесин талкуулап чыгып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №125 Мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, Шумкар-Уя айылдык Кеңешинин 1-чакырылышын VIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шумкар-Уя айылдык аймагындагы таштанды полигонун эффективдүү иштетүү максатында муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
2. Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында таза суу муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
3. Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканага жетекчи дайындап, автоунаа жана иш жүргүзүү кеңсе, эмекректери менен камсыздалсын.
4. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Шумкар-Уя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| А. Борукеев |