Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №76
“Болуш айылына бала бакча куруу үчүн жерин аныктоо жана долбоорун даярдатуу жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылында жаңы бала бакча куруу зарылчылыгы боюнча жерин аныктоо, долбоорун даярдатуу жана курулуш иштерин баштоо үчүн аракетти баштоо жөнүндөгү депутаттардын ( А.Мырзагулов, А.Сеитов, М.Токоева) жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылында жаңы бала бакча куруу зарылчылыгы боюнча жерин аныктоо, долбоорун даярдатуу жана курулуш иштерин баштоого аракет көрүү максатында мыйзам чегинде канчалык деңгээлде бала бакчанын зарылчылы бар экендиги жөнүндө элдерден социалдык сурамжылоо (опрос) уюштуруу, зарылчылыкка байланыштуу жерин аныктоо, долбоор даярдатууга изилдөө (изыскание) иштерин жүргүзүү жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын жер , архитектура, экология, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |