Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №77
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерине спорттук инвентарларды алып берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерине (А.Чымканаев, Сумсар,Шекафтар) спорттук инвентарларды алып берүү жөнүндө мектеп жетекчилеринин , дене тарбия мугалимдеринин жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелерине спорттук инвентарларды алып берүү үчүн 493 600 (төрт жүз токсон үч миң алты жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |