Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-августу № 472
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ата мекендик транспорт каражаттарын өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 22-пунктта:
тогузунчу абзац "ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документтер" деген сөздөрдөн кийин "(Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет:
- транспорт каражаттарын куроону жана/же өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу даярдоочу завод тарабынан берилүүчү жана анын аныктыгы үчүн даярдоочу завод жооптуу болгон төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган транспорт каражатынын сертификаты: уюмдун аталышы жана ИСН, идентификациялык номери (VIN), ТКнын маркасы, модели (латын тамгалары менен көрсөтүлөт), ТКнын тиби, ТКнын категориясы, орундардын саны, ТКнын куралган жана/же даярдалган жылы, шассинин (раманын) №, кузовдун (чиркегичтин) №, кузовдун тиби, түсү, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (см3), кыймылдаткычтын тиби, жүгү жоктогу салмагы (кг), толук салмагы (кг), кыймылдаткычынын кубаттуулугу кВТ;
- электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы.";
- 69-пункттун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарынын ээлери алгачкы каттоо үчүн жыйым төлөөдөн бошотулат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
А.А. Касымалиев |