Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №4
“Көк-Арт айыл аймагынын адмнистративдик чек арасынын схемалык картасы жана тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III-сессиясы,
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Арт айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасына жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага : | А.А. Энназаров |