Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2023-жылдын 27-апрели № 16

Чаткал айыл өкмөтүнө максаттуу трансферт катары акча каражатын

которуу жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу 16-пунктунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 24-апрелинде №01-23/1393 чыгыш сандуу катынын негизиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.04.2023-жылдын №01-19/322 чыгыш сандуу кайрылуусунун 16-пункту эске алынсын.

 

2.  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 24-апрелиндеги №01-23/1393 чыгыш сандуу катында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде, 2023-жылдын 12-апрелиндеги Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен болгон жолугушуунун №1 протоколу жана Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловдун 25.04.2023-жылдагы №01-18/278 чыгыш сандуу кайрылуусуна ылайык Чаткал айыл өкмөтүнө максаттуу трансферт катары 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражатын активдер жана милдеттемелер беренесинен бөлүнүп берилсин. Мыйзамдуулук жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн.

 

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев