КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 19
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын
бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 26.04.2023-жылдын №01-19/317 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 26.04.2023-жылдын №01-19/317 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы айылдарда 13-14-апрелинде өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколунун негизинде элдин сунуштары менен, 2023-жылга карата Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Ш. Аликеев |
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары :
1 | Айдоонун кызмат акысы | 3500 (үч миң беш жүз) сом |
2 | Дың жерди айдоого | 4000 (төрт миң) сом |
3 | Сеалка кызматынын акысы | 1500 (бир миң беш жүз) |
4 | Малалоо кызматынын акысы | 1500 (бир миң беш жүз) |
5 | Орнотулган шамаал сүзгүч (ЖВН) | 3500 (үч миң беш жүз) сом |
6 | Престөө | 25(жыйырма беш) сом ,1(бир) даана |
7 | Комбайндын кызмат акысы | 4000 (төрт миң) сом |
8 | Майда жандыктарды багуу акысы | 80 ( сексен) сом |
9 | Субай малдарды багуу акысы | 500 (беш жүз) сом |
10 | Айдоо аянттарына түшкөн малдарга айып пулдун өлчөмү : -1(бир) жолкусу үчүн –
-2 (эки) жолкусу үчүн- |
500 (беш жүз) сом
1000 (миң) сом |
|
|
|
Төрага | М.Ш. Аликеев |