Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №5
“Кара-Чолок айылында жайгашкан 444-контурунан 6,0 га жер аянтына таштанды таштоочу жай куруу үчүн багытын өзгөртүүгө (транфармациялоо) макулдук берүү жөнүндө ”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Чолок айылынын № 444 контурунда жайгашкан мамлекеттик фондтун 6,0 га жер аянтына таштанды таштоочу жана беккари чункурчасын жасоо үчүн айыл чарба багытындагы кайракы жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловдун кайрылуусун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Чолок айылынданы № 444 контурунда жайгашкан мамлекттик фондтун жеринен 6.0 га жер аянты таштанды таштоочу жана беккари чункурчасын жасоо үчүн Айыл чарба багытындагы кайракы айдоо жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын жана жер кодексинин негизинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага : | А.А. Энназаров |