Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-октябры № 613
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "4" деген цифрадан кийин ", 11" деген цифра менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
"18) ЭКБ субъекттеринин реестри - мамлекеттик жөнгө салынууга жана контролдонууга тийиш болгон ЭКБ субъекттерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы.";
- 8-пункттун 5-пунктчасы "иштелип чыккан" деген сөздөрдөн кийин "жана бирдиктүү электр энергетика системасынын тармагына берилген" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктта:
3-пунктча "белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин "электр энергиясын сатып алуучу электр энергетикалык компаниянын электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасына (мындан ары - ЭКЭАС) жана эсептөө борборунун маалыматтарын топтоонун жана иштетүүнүн борборлоштурулган системасына (мындан ары - МТИБС) аларды интеграциялоо мүмкүнчүлүгү менен, электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу жана контролдук коммерциялык эсепке алуу приборлорун орнотуу менен электр энергиясын эсепке алуу системасын кошкондо," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү жөнүндө арызды жана ЭКБ субъекттеринин реестринде белгиленген маалымат өзгөргөн учурларда кабарламаны берет.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. ЭКБ-электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча иш өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) ЭКБ-орнотмолорун куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү;
2) электр тармактарына кошулууга техникалык шарттарды алуу;
3) ЭКБ субъекттеринин реестрине ЭКБ субъекттерин киргизүү;
4) ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзүү;
5) ДСДны жана ТЭНди даярдоо;
6) ЭКБ-орнотмолорун, объекттерин куруу жана электр тармактарына кошуу;
7) электр тармактарына кошуу объекттерин жана ЭКБ-орнотмолорун кабыл алуу жана пайдаланууга берүү;
8) электр энергиясын сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу;
9) эсептешүү борбору менен электр энергиясын эсепке алуунун маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимди түзүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Микрогенерация объекттеринен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу этаптары:
1) электр тармактарына кошулууга техникалык шарттарды алуу;
2) ЭКБ-электр энергиясын берүүгө келишим түзүү.";
- 21-пункт "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме" деген сөздөр менен толукталсын;
- 44-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) ЭКБ субъектинин укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринин көчүрмөлөрү.
Толук эмес, анык эмес документтер берилгенде же оңдоолор менен таризделген документтер берилгенде, арыз ээсине жетишпеген маалыматтарды же документтерди берүү жөнүндө суроо-талап жиберилет. Бул учурда арыз бардык зарыл болгон документтер берилген дата менен катталат.";
- 45-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45. Электр энергетикалык компания жана ЭКБ субъекти, ЭКБ-субъектинен бардык зарыл болгон документтер алынган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен ЭКБ-электр энергиясын берүү жөнүндө келишимге кол коет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-глава менен толукталсын:
"8-1-глава. ЭКБ субъекттеринин реестрин жүргүзүү
45-1. ЭКБ субъекттеринин реестри ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын баалоону жана статистикалык эсепке алууну камсыз кылуу максатында ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. ЭКБ субъекттеринин реестри ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндө жана электрондук форматта жүргүзүлөт.
45-2. ЭКБ субъекттеринин реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) ЭКБ субъекттеринин реестриндеги ЭКБ субъектинин номери;
2) юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө турган жери, идентификациялык салык номери;
3) чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги жана иш жүзүндө турган жери, идентификациялык салык номери, мамлекеттик реестрден же бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын ырастоочу апостиль коюлган башка документтин көчүрмөсү. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет;
4) жеке ишкерлер (жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр) үчүн:
жеке жактар үчүн:
- жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары, идентификациялык жеке номери (ИЖН);
чет өлкөлүк жеке жак үчүн:
- жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), катталган жана иш жүзүндө жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документке, башка документтерге жана мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолорго ылайык идентификациялык жеке номери;
5) так координаттары менен ЭКБ объектинин жайгашкан жери;
6) пландалган ЭКБ-орнотмосунун түрү жана кубаттуулугу;
7) ЭКБ объектинин белгиленген кубаттуулугу;
8) техникалык шарттардын жана электр энергиясын берүүгө келишимдин номери;
9) арыз ээсинин байланыш телефону жана электрондук почта дареги.
45-3. ЭКБ субъекттеринин реестри ачык маалымат болуп саналат жана ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
45-4. ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү үчүн арыз ээси арыз берет.
45-5. Арызга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын;
2) жеке жактар үчүн - ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
3) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - мамлекеттик реестрден берилген көчүрмөнүн (апостиль коюлган) же мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бул юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн башка документтин;
4) чет өлкөлүк жеке жак үчүн - мамлекеттик жана/же расмий тилдерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
5) жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн.
45-6. ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүү арыз берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Арыз толук эмес же туура эмес толтурулса же тиркелген документтер толук эмес болсо, арыз алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жетишсиз маалыматтарды же документтерди берүү жөнүндө суроо-талап жиберилет. Бул учурда арыз бардык зарыл болгон документтер берилген дата менен катталат.
ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизүүдөн негизсиз баш тартылса же ал кечиктирилсе, арыз ээси административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттана алат.
45-7. Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ЭКБ субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка өзгөртүүлөр ЭКБ субъекттери тарабынан ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөртүү үчүн негиз келип чыккан күндөн тартып бир календардык айдын ичинде жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |