Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2023-жылдын 27-апрели № 25
Матишов Султаналы Тилекбаевичке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылынын тургуну Матишов Султаналы Тилекбаевичтин 26.04.2023-жылдагы ден-соолугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылынын тургуну Матишов Султаналы Тилекбаевичтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Жер-Капчыгай айылынын тургуну Матишов Султаналы Тилекбаевич II-топтогу жана келинчеги Асанбай кызы Гүлжан I-топтогу майып , даарыланууларына Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 60 000 (алтымыш миң ) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |