Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 16-майы №7
“Көк-Арт айыл аймагында айдоо жерди жана чөп орокторду кайтаруу үчун кароолдорду бекитүү жөнундө”
Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,
Көк-Арт айыл аймагында айдоо жерди жана чөп орокторду кайтаруу үчүн кароолдорду бекитүү жана айдоо жерге, чөп орокторго түшкөн малдын ээсине айып пулдарды бекитүү жөнүндө Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловдун кайрылуусун жана депутат К.Сариевдин сунушун карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагында айдоо жерлерге жана чөп орокторго ар бир айыл боюнча элдик жыйындын протоколунун негизинде кароолдор дайындалсын.
2. Дайындалган кароолдордун эмгек акысы, жергиликтүү эл менен кароолдун ортосундагы келишимининин негизинде төлөнүп берилсин.
3. Элдик жыйындын протоколунун негизинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жер
маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А.А. Энназаров |